Спорт агенттигинен “Азаттыкка” билдиришкендей, бүгүн Бишкектеги Спорт сарайында өтүп жаткан республикалык мелдешке өлкөнүн бардык региондорунан келген 300дөн ашык балбан катышты. Алардын ичинен жарым финалга 60 балбан чыкты. Ушул тапта 3 салмак боюнча 12 балбан баш байгеге ат салышууда.
Лейлек күрөшү боюнча бул мелдеш жыл сайын 9-май Жеңиш күнү уюштурулуп келет. Быйыл ал 35-ирет өтүп жатат. Мелдешке президент, спикер жана премьер 100 миң сомдон беришти. (AzK)