Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:57

Би-Би-Синин кабарчысы Түндүк Кореяда кармалды


Би-Би-Синин кабарчысы Руперт Уингфилд-Хейз жана анын чыгармачыл командасы Түндүк Кореяда кармалды, жакын арада депортацияланат. Бул тууралуу корпорация кабарлап, алар Түндүк Кореянын Эмгек партиянын съездине байланыштуу кармалышканын билдирди. Пхеньян бийлиги алардын репортажына канааттанган эмес.

Журналист жана анын продюсери Мария Бирн менен оператор Мэттбю Годар 6-майда өлкөдөн кетип жаткан кезде колго түшкөн. Сегиз сааттык сурактан соң аларды депортациялоо чечими чыгарылган.

XS
SM
MD
LG