Бул тууралуу “Азаттыкка” "Биримдик" коомдук уюмунун төрагасы Улукбек Абдырахманов билдирди. Түштүк Кореянын Сеул шаарында өткөн улуттар аралык “Достук” фестивалына Кыргызстандын элчилигинин колдоосу менен аталган коомдук уюм жана студенттер катышты. Алар жергиликтүү элге кыргыздын улуттук тамак-ашынын жана кийим-кечелеринин түрлөрүн көрсөтүштү.
Улуттар аралык маданиятты чагылдырган бул иш-чара жыл сайын уюштурулуп келет. Расмий маалымат боюнча ушул тушта Түштүк Кореяда 3,5 миңдей кыргызстандык жашайт. (AzK/EBM)