Өзбекстан президенти Ислам Каримов эгемендик жылдардан бери алгач ирет Ташкендеги “Аза күткөн эне” эстелигинин алдына барып, гүл койду. Бул эстелик Экинчи Дүйнөлүк согуш курмандыктарына арналып тургузулган.
Каримов 8-май күнкү куттуктоосунда “Улуу Ата мекендик согуштун 71 жылдыгы, Жеңиш майрамы мамлекетибизде кеңири белгиленет” деп билдирди.
Uzmetronom сайты Ислам Каримов “Улуу Ата мекендик согуш, Жеңиш майрамы” деген сөздөрдү көп жылдан бери алгач ирет оозго алганын жазды.
9-май – Өзбекстанда эгемендиктин баштапкы жылдарында эле жылнаамада “Жеңиш майрамы” деген атын жоготуп, “Эскерүү күнү” деп өзгөртүлгөн.