Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:05

Иран дагы баллистикалык ракета учурду


Тегеран менен дүйнөдөгү алты кудуреттүү мамлекеттер ортосундагы келишим колдонула баштаган учурда Иран дагы бир баллистикалык ракетаны сыноодон өткөрдү. Жарым-жартылай расмий саналган Tasnim агенттиги армиянын башкы штаб орун басары Али Абдуллахка таянып билдиргендей, 2000 километр алыска учууга ылайыкталган ракета эки жума мурун сыноодон өткөн.

Ирандын акыркы кездердеги ракета учуруулары АКШ жана Европанын катуу сынына кабылууда. Тегеран болсо бул учуруулар кудуреттуу мамлекеттер менен кол коюлган келишимден соң БУУнун Коопсуздук Кеңеши кабыл алган резолюцияга каршы келбей турганын белгилейт. Аталган резолюцияда Ирандан өзөктүк курал ташыбоо талап кылынган. Тегеран акыркы учурулган ракеталар өзөктүк курал ташыбай турганын айтып келет.

XS
SM
MD
LG