Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:56

Керри Сирия боюнча сүйлөшүү үчүн Парижге келди


Жон Керри
Жон Керри

АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри Сириядагы жаңжалды жайгаруу боюнча сүйлөшүүгө катышуу үчүн 9-майда Парижге келди.

Европа биримдигине жана Араб лигасына мүчө өлкөлөрдүн, ошондой эле Түркиянын расмий адамдары да ушул күнү Парижге келүүсү күтүлүүдө. Тынчтык келишимин улантуу боюнча сүйлөшүүгө Батыш колдогон Сирия оппозициясынын лидери Риад Хижаб да катышат.

БУУнун ортомчулугунда өткөн айда Женевада өткөн сүйлөшүүлөрдө Сирияда тынчтык орнотуу келишими кабыл алынган, бирок ал аткарылбай, соңку кездери Алепподо зомбулуктар күчөп кетти.

Керри Франциянын тышкы иштер министри Жан-Марк Айро жана Германия тышкы иштер министри Франк-Валтер Штайнмайер менен жолугушкандан соң Британияга кетет.

XS
SM
MD
LG