Бүгүн Бишкекте окуучулардын республикалык спартакиадасы башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, өлкөнүн бардык аймактарынан келген окуучулар спорттун тогуз түрү боюнча мелдештерге катышат.
15-майга чейин уланчу спартакиада окуучулар арасында спортту жана дене тарбияны жайылтуу максатын көздөйт. (BkA)