Иран менен Британиянын жараны Назанин Загари-Рэдклифф бир ай мурун Иранда камакка алынган.
Анын жолдошунун айтымында, 3-апрелде Лондонго кетер алдында аэропортто белгисиз себептер менен кармалган.
Загари-Рэдклифф британиялык Thomson Reuters аттуу фонддо эмгектенген. Ал учурда Керман шаарындагы түрмөдө кармалып турганы айтылууда.
Загари-Рэдклиффди Ислам революциясын коргоо полициясы улуттук коопсуздукка байланыштуу маселе боюнча кармашы мүмкүн.
Анын жолдошу Ричард Рэдклифф “Азаттыктын” Иран кызматына жубайынын эмне себептен кармалганын билбей турганын билдирди.
Ричард Рэдклифф жубайы басымдарга туш болуп жатканын айтып, Иран бийликтерин аны бошотууга чакырды.