Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:51

Бразилия президенти Дилма Руссеффке импичмент жарыялоо жараяны токтотулду


Бразилия президенти Дилма Руссефф Олимп шамын алууда.
Бразилия президенти Дилма Руссефф Олимп шамын алууда.

Бразилия парламентинин төмөнкү палатасынын спикери президент Дилма Руссеффке импичмент жарыялоо жараянын токтотту. Бул тууралуу Reuters агенттиги кабарлады.

Спикер Валдир Мараньо мындай чечимге добуш берүүдө “процессуалдык мыйзам бузуулар” орун алганы ачыкка чыккандан кийин келгенин ырастады. Мараньо президентке импичмент жарыялоо боюнча кайрадан добуш берүүнү сунуштады.

Дилма Руссеффке импичмент жарыялоо жараяны 2015-жылдын декабрында башталган. 18-апрелде парламенттин төмөнкү палатасынын депутаттары импичментти колдоп добуш берген.

Президент бул аракетти “мамлекеттик төңкөрүш аракети” деп баалаган.

Эмгекчилер партиясынан көрсөтүлгөн Дилма Руссефф 2014-жылы президенттикке экинчи жолу шайланган.

XS
SM
MD
LG