Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:54

Бейөкмөт уюмдар мыйзамы парламент комитетинде жактырылды


Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана соттук-укуктук маселелер комитети бүгүн “Өкмөттүк жана коммерциялык эмес уюмдар тууралуу” мыйзам долбоорун үчүнчү окууда колдоду. Мыйзам долбоору эми парламенттин жалпы отурумунда каралат.

Чет жактан каржыланган бейөкмөт уюмдарды "агент" деп атап, көзөмөлдү күчөтүүнү караган долбоорду буга чейинки чакырылыштын депутаттары Турсунбай Бакир уулу, Надира Нарматова жана Нуркамил Мадалиев иштеп чыккан.

Эреже боюнча мыйзам парламентте үч окууда кабыл алынгандан кийин президенттин кароосуна жөнөтүлөт. Эгер мамлекет башчы ага кол койсо күчүнө кирди деп эсептелет.

Буга чейин парламент мыйзам долбоорду экинчи окууда жактырган.

Алар аталган мыйзам долбоору Орусиядан көчүрүлүп алынган. Ал иштей баштагандан бери көптөгөн орусиялык бейөкмөт уюмдар бийликти сындаганы үчүн куугунтукка кабылууда.

Бул мыйзам долбоорго бир катар бейөкмөт жана эл аралык уюмдар тынчсыздануусун билдирип, парламентти кабыл албоого чакырган. Укук коргоочулар эгер аталган мыйзам кабыл алынса, Кыргызстанда адам укуктары сакталбай, тоталитардык өлкөгө айланарын айтып келишет.(EBM\ZKo\BkA)

XS
SM
MD
LG