Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:38

50-абактан качкандар боюнча соттук териштирүү уланды


50-абактан качып чыккандар.
50-абактан качып чыккандар.

Свердлов райондук сотунда жүрүп жаткан териштирүү учурунда 50-абактан качуу алдын-ала пландаштырылганы айтылды. Каралып жаткан иште белгиленгендей, качуу акысы 100 АКШ доллары жана 5 миң сомго бааланып, буга түрмө кызматкери Садыбакасов көмөктөшмөк болгон.

Мамлекеттик айыптоонун маалыматында айтылгандай, 50-абакта кармалып жаткан Болот Курбанахунов, Таалай Жуманов, Муратбек Жумашев, Бакыт Кенжегулов, Музафар Уринов, Алтынбек Итибаев, Азамат Мусуралиев, Эдил Абдрахманов жана Данияр Кадыралиев 11-декабрдан 12-декабрга оогон түндө качууну максат кылып, бул үчүн Садыбакасов менен алдын-ала сүйлөшкөн.

Түнкү саат 23:00 чамасында Итибаев эшикти кагып, Садыбакасов эшикти ачкан. Ага карата күч колдонушуп, абак жайдын башка кызматкерлерин да сабап салышкан. Дагы бир кызматкердин автоунаасынын ачкычын алып, абак жайдан качып чыгышкан. Прокуратуранын маалыматына караганда, абактан качкандар Бишкекте бир катар жардырууларды кылып, ИГИЛ тобуна кошулууну көздөшкөн.

Бул иш боюнча айыпталып жаткан Эдил Абдрахманов, Музаффар Уринов, Болот Курбанахунов абактан качуу, адам өлтүрүү фактысы боюнча соттолууда. Булар менен кошо абактан качкандарды жашырган деген айып менен Максат Абдрахманов жана Нурсият Рысбекова да соттолуп жатышат.

Былтыр 12-октябрда Чүй облусунун Төмөнкү Нооруз айылында жайгашкан №50 түрмөдөн тогуз киши үч түрмө кызматкерин өлтүрүп, бирөөнү оор жарадар кылып, качып чыккан. Алардын бешөө дароо кармалып, качып кеткендердин үчөө кармоо операциясы учурунда өлтүрүлгөн. Эдил Абдрахманов тирүү кармалган. Анын ок тийген бутуна операция жасалган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG