Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:01

Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси кызматтан кетүүгө арыз жазды


Бул тууралуу парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана соттук-укуктук маселелер комитетинин төрайымы Галина Скрипкина билдирди.

Анын жыйын учурунда маалымдаганы боюнча, Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси Радбек Ешмамбетов төраганын атына арыз жазып, 10-майдан тарта эмгек өргүүсүнө чыгууну, андан ары кызматтан кетүүнү суранган.

Комитет мүчөлөрү Ешмамбетовдун арызын канааттандырууга макулдугун беришти. Бул маселе эми парламенттин жалпы отурумунда каралат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG