Экс-спикер Асилбек Жээнбековго Акүйдүн 3-кабаттагы үч бөлмө бириктирилмекчи. Парламенттик кабарчыбыздын маалыматына караганда, анын бирөө иш бөлмөсү, экинчиси конокторду тосуп узатуучу жер, үчүнчү бөлмө экс-спикердин эс алуу бөлмөсү болот. Мындан тышкары иш бөлмөнүн өзүнчө дааратканасы салынат.
Буга чейин Асилбек Жээнбековдун жаңы иш бөлмөсү үчүн 4 иш бөлмө бириктирилери айтылган болчу.
Экс-спикер Асилбек Жээнбеков парламентти акыркы эки чакырылышта жетектеди. Апрель айында бир тууганы Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчылыгына келгенден кийин төрагалык ордун бошотуп берген.
Жарандык активисттер Асилбек Жээнбеков төрага болуп турган учурда Жогорку Кеңеш бийликке каяша кылалбаган, унчукпас парламентке айланганын айтышат.(EBM;ZKo)