Мамлекеттик каттоо кызматынын статс-катчысы Нурлан Шериповго козголгон кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу “Азаттыкка” анын адвокаты Жыргал Бабаев кабарлады. Анын айтуусунда, Шериповду “пара талап кылып жатат” деп карматкан киши анын өкүл баласы болуп чыккан. Өкүл баласы Шериповдон 550 миң сом карыз болгон жана бул тууралуу тастыктаган тил каты болгон. Ошондой эле ал өзү тил катында күрөө катары эки кичи унааны Шериповго бергенин билдирген.
Адвокаттын айтуусунда, өкүл баласы карызын бербөө максатында Нурлан Шериповду “пара талап кылып жатат” деп арыз жазган жана карызын кайтаруу учурунда Шериповду карматкан. Мунун баары тергөө учурунда аныкталып, азыр кылмыш иши токтотулду, дейт адвокат.
23-мартта мамлекеттик каттоо кызматынын статс-катчысы Нурлан Шерипов 100 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалганы кабарланган.(AsT;ZKo)