Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:22

Бүгүн Eurovision-2016 сынагынын 61-айлампасы башталат


Швециянын Стокгольм шаарында бүгүн эл аралык популярдуу Eurovision-2016 шоу-сынагы башталат. Быйыл Европа чөлкөмүнүн 41 мамлекетинен жана Австралиядан чогулган ырчылар “Эрикссон-Глоб” аренасында таймашат.

Биринчи жарым финал 10-майда, экинчи жарым финал 12-майда өтөт. Андан иргелип чыккан ырчылар 14-майда финалда күч сынашат.

Европа телеберүү бирикмесинин маалыматына ылайык, сынакты АКШнын GloboTV каналы да түз алып көрсөтөт.

Европадагы букмекерлик кеңселер быйыл Орусия, Франция, Швеция, Австралия жана Армениянын ырчыларын алдыңкы орунду алат деп божомолдоп жатышат.

Былтыр Австрияда уюштурулган сынакта швециялык ырчы - Монс Целмерлев баш байгени жеңип алган. Eurovision Швецияда алтынчы ирет өтүп жатат. Сынак шарты боюнча, шоунун кийинки айлампасы баш байгени алган ырчынын мекенинде болот.

Eurovision сынагы 1956-жылдан бери жыл сайын такай уюштурулуп келаткан популярдуу шоу болуп саналат. (SE)

XS
SM
MD
LG