Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, мурдагы премьер Юсуф Реза Гиланинин уурдалган баласы Али Хайдер Гилани Ооганстандан аман-эсен табылды.
Бул үчүн АКШ жана ооган күчтөрү Газни провинциясында биргелешкен операция өткөрүшкөн. Ооганстанга мурдагы премьердин өзү да барган.
Али Хайдер Гиланини "Талибандын" согушкери деп шектелгендер 2013-жылы 9-майда Пакистандагы парламенттик шайлоодон эки күн мурда уурдап кетишкен болчу.
Анын атасы Юсуф Реза Гилани Пакистандын өкмөтүн 2008-жылдын март айынан 2012-жылдын апрель айына, кызматтан Жогорку Сот четтеткенге чейин башкарган. (UE)