Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:39

Ала-Букада жоокер бычак жеп, ооруканага түштү


Жалал-Абад облустук аскер прокурору Сагындык Мукашевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча, бычак жеген жоокердин абалы канааттандырарлык, жарадар жоокер ооруканага жеткирилген. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, облустук гарнизондун прокуратурасы тарабынан тергөө жүрүп жатат.

Мукашевдин маалыматы боюнча, жоокер төшүнө бычак жеген.

Айрым маалыматтарга караганда, Ала-Букадагы №30670 аскер бөлүгүнүн эки жоокери насыбайдан улам бычакташкан.(ZKo\EBM)

XS
SM
MD
LG