Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:29

Италия террорчу деген шек менен үч адамды камакка алды


Полиция билдиргендей, эки ооган жана бир пакистандык жигит Италия, Франция, Британияда террордук кол салууларды жасоону пландаган деп шектелген согушкерлер түйүнү боюнча иликтөөнүн алкагында камалышты.

Алар эл аралык терроризм жана мыйзамсыз миграция боюнча айыпталууда.

Прокурор Роберто Россинин айтымында, кол салуу абдан жакындап калганынын эч далили жок, “бирок алар даярдык көрүп жатышканы анык”.

Полиция камакка алынгандардын уюлдук телефондорун конфискациялады.

Ошондой эл алардан Бари, Рим, Париж, Лондон шаарларындагы жайларга кол салууну көздөшкөнүн ишара кылган сүрөттөр, видео тасмалар, курал-жарактын сүрөттөрү табылган.

Полициянын маалыматына караганда, бул кылмыш иштин алкагында дагы эки ооган изделип жатат. (UE)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG