Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:13

“Панама документтеринде” Сайкал Акаеванын аты аталды


"Панама документтери".
"Панама документтери".

Журналисттик иликтөөлөрдүн эл аралык консорциуму 9-майда жарыялаган “Панама документтери” деген аталыш менен белгилүү болгон баяндамада Сайкал Акаева аттуу адамдын аты аталды. Бул Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевди уулу Айдардын жубайы болушу мүмкүн деп болжолдонууда. Документте Сайкал Акаева жана Асель Бактыбек аттуу адам менен бирге Британ Виргин аралдарында катталган Minden Business Limited аттуу компаниянын акционери катары көрсөтүлгөн.

Буга чейин “”Панама документтеринде” кыргызстандык жарандардан “Электр станциялары” мамлекеттик ишканасынын мурдагы жетекчиси Аман Тентиев, “Альфателекомдун” мурунку башчысы Азамат Мурзалиев жана Эрмек Исманкулов, Руслан Турбатов, Алия Керимбаева, Жахонгир Жураев аттуу кыргызстандыктар бар.

Ошондой эле Кыргызстанда катталган бир катар чет өлкөлүк ишканалар жана алардын жетекчилери Кыргызстандагы даректерге катталган болуп чыккан.

Журналисттик иликтөөлөрдүн эл аралык консорциуму дүйнөнүн ар кайсы мамлекеттериндеги саясатчылар менен ири ишкерлердин арам акчаны оффшордук схемалар аркылуу адалдоосун чагылдырган көлөмдүү баяндама жарыялаган.(BkA)

XS
SM
MD
LG