Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:18

“Өкмөттүк, коммерциялык эмес уюмдар тууралуу” мыйзамга каршы митинг өтөт


Бүгүн Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтында парламент карап жаткан “Өкмөттүк, коммерциялык эмес уюмдар тууралуу” мыйзам долбооруна каршы тынч митинг өтөт. Акцияны бир катар бейөкмөт уюмдар уюштурууда. Жарандык коом өкүлдөрү бул мыйзам долбоорду парламент өтө тездик менен кабыл алууга аракеттер болуп жатканына тынчсызданууда.

Чет жактан каржыланган бейөкмөт уюмдарды "агент" деп атап, көзөмөлдү күчөтүүнү караган долбоорду буга чейинки чакырылыштын депутаттары иштеп чыккан.

Эреже боюнча мыйзам парламентте үч окууда кабыл алынгандан кийин президенттин кароосуна жөнөтүлөт. Буга чейин парламент мыйзам долбоорду экинчи окууда кабыл алган.

Кечээ Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана соттук-укуктук маселелер комитети үчүнчү окууда жактырды.(BkA)

XS
SM
MD
LG