Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жергиликтүү адистери билдиришти. 9-май күнү болгон шамал Талас шаарында 10 чакты үйдүн чатырын учуруп кеткен. Айрым үйдүн терезелерин мөндүр талкалаган. Талас университетинин жанындагы бак кулап, электр зымына илешип калган.
Учурда мөндүрдөн жабыркаган Ак-Жар, Таш-Арык, Чолпонбай, Өзгөрүш айылдарындагы чыгымдар эсептелүүдө.
9-май күнү Таластын айрым айылдарында мөндүр аралашкан жаан жааган. (SS)