Жакында эле депутаттык мандатын тапшырган Лунара Мамытованын ордуна “Бир бол” партиясынын тизмедеги кийинки мүчөсү Улукбек Ормонов депутат болуп келди. Ормонов бүгүн жалпы отурумда ант берип, депутаттык кызматын аткарууга киришти.
Улукбек Ормонов Жогорку Кеңешке мурдагы чакырылыштарда эл өкүлү болуп шайланып, 2009-жылы “Ак жол” партиясынын тизмеси менен депутат болуп келген.(ZKo)