"Жамаат-и-Ислами" партиясынын лидери Мотиур Рахман Низами 1971-жылдагы Пакистанга каршы өлкө эгемендиги үчүн согуш учурундагы аскердик кылмыштары үчүн айыптуу деп табылган.
Юстиция министри Анисул Хактын маалыматында, Низами Дакка шаарындагы борбордук түрмөдө дарга асылды.
Өлкөдөгү ири партиянын лидеринин дарга асылышын колдогондор да, ага нааразы болгондор да кечээ акцияларды өткөрдү.
72 жаштагы Низамини өлүм жазасына тартуу боюнча сот өкүмү өткөн жылы чыккан. Ал геноцид, адам өлтүрүү, кыйноолор жана зордуктоо сыяктуу бир нече оор кылмыштарга айыпталган.
Тергөөнүн маалыматы боюнча, Пакистанга каршы согуш учурунда өлкө эгемендиги үчүн күрөшкөн активисттердин тизмесин каршы өлкөгө берип, аларга жан тартып турган.
Низами сот чечими боюнча бир нече жолу доо арыз берип, бирок ушул айдын башында Бангладештин Жогорку соту ага карата өкүмдү күчүндө калтырган.