Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:24

Иран кармалып турган каражатын ажыратуу үчүн Гаага сотуна кайрылат


Иран президенти Хасан Роухани.
Иран президенти Хасан Роухани.

Иран АКШда камакка алынган Борбордук банкынын каражатын чыгаруу үчүн Гаагадагы эл аралык сотко кайрылат. Бул тууралуу Ирандын президенти Хасан Роухани 10-майда билдирди.

- Биз жакынкы убакытта бул ишти Гаага сотуна жеткиребиз. Бул каражатты АКШнын оңой-олтоң ээлик кылышына жол бербейбиз,- деди Роухани.

20-апрелде АКШнын Жогорку соту америкалык банкта кармалып турган Ирандын 2 миллиард долларын Тегерандын тиешеси бар делген жардырууда каза болгондордун жакындарына кенемте катары төлөп берүүгө милдеттендирген. Сөз 1983-жылы Бейрутта америкалык аскер базасына чабуулда каза болгондор жөнүндө болуп жатат.

Бирок Иран АКШ сотунун мындай чечимине макул эместигин билдирип келет.

XS
SM
MD
LG