Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:27

Кыргызстандык окуучулар эл аралык олимпиадада коло медалга ээ болушту


"Себат" билим берүү системасы.
"Себат" билим берүү системасы.

“Себат” билим берүү мекемесинин Ош шаарынадагы “Сема” лицейинин окуучусу Абдыкерим уулу Эржигит жана Бишкек шаарындагы Ч. Айтматов атындагы лицейдин окуучусу Маметов Дооронбек Москвада өткөн химия боюнча эл аралык олимпиадада 3-орунду ээлеп, коло медаль менен сыйланышты.

Менделеев олимпиадасынын жеңүүчүлөрү химия предмети боюнча дүйнөлүк International Chemistry Olympia сыноосуна жолдомо алышты. Химия предмети боюнча дүйнөлүк олимпиада 2016 жылдын июль айында Грузиянын Тбилиси шаарында өтөт.

2-майдан 8-майга чейин Москвада болгон Эл аралык Менделеев олимпиадасына Кыргызстандан жалпысы болуп 7 окуучу барган. Алардын баары “Себат” билим берүү мекемесинин окуучулары.

Аталган олимпиада 1966-жылдан бери жыл сайын Москва мамкелекеттик универститетинде өткөрүлөт. Бул олимпиадага Кыргызстандын атынан Эл аралык “Себат” билим берүү мекемелеринин окуучулары 1997-жылдан баштап катышып, бүгүнкү күнгө чейин 24 медалга ээ болушкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG