Мындай маалыматты юстиция министри Жылдыз Мамбеталиева парламентте ырастады. Анын айтуусунда, эң көйгөйлүү маселе Бишкек шаарынын айланасындагы Сокулук, Аламүдүн райондорунда. Бул аймактардагы айыл чарба багытындагы жерлер мыйзамсыз трансформацияланып, турак-жайлар курулуп кеткен. Министрдин билдиришинче, Ново-Павловка айлындагы мыйзамсыз курулуштар боюнча 104 кылмыш иши козголгон.
Айрым депутаттар жерди трансформациялабай туруп, турак-жай тургузууга уруксат берилгенине нааразылык билдиришти. Социал-демократ Улан Пиримов чек арадагы тургундар дал ушул трансформациянын айынан жерлерге турак-жай тургуза албай жатышканын белгилеп, бул ички миграциянын күчөшүнө себеп болуп жатканын билдирди.
Ушул тапта парламент 2009-жылдан кийин айыл чарба багытындагы трансформацияланбаган жерлерге курулган турак-жайларды мыйзамдаштыруу маселесин кароодо.(ZKo)