Кочкор-Ата шаарындагы бала бакча 0,54 га жери менен мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен. Аны “Кочкор-Ата курулуш” ишканасына менчикке берүү тууралуу чечим өткөн жылы шаар мэриясы тарабынан чыгарылган.
Жалал-Абад облустук прокуратурасы анын мыйзамсыздыгын аныктап, мэрден бала бакчаны кайтарууну талап кылган. Анын жыйынтыгында бала бакча жери менен кошо кайра мамлекетке кайтарылды.
Менчикке сатуу учурунда бала бакча жарым гектардан ашуун жери менен кошо 2,835 млн. сомго бааланган.
Бул маалыматты Башкы прокуратуранын маалымат кызматы таратты.(ZKo)