Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:24

Орусия: Мамдума “Чет элдик агенттер жөнүндө” мыйзамды жумшартат


Орусияда “чет элдик агенттер” жөнүндөгү мыйзам 2012-жылы кабыл алынган.
Орусияда “чет элдик агенттер” жөнүндөгү мыйзам 2012-жылы кабыл алынган.

Орусияда “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү" мыйзамга түзөтүү киргизилет. Андан соң кайрымдуулук уюмдары “чет элдик агенттер” тизмесинен чыгууга мүмкүнчүлүк алат. Бул туурасында бүгүн «Коммерсант» кабарлады. Басылманын Мамдума жетекчилигиндеги жеке булагы билдиргендей, тийиштүү тапшырманы президент Владимир Путин берген.

Буга чейин кайрымдуулук фонддорунун жетекчилери Орусиянын президентине кайрылуу жолдошкон. Анда “саясий ишмердүүлүк” деген түшүнүктү тактаган мыйзам долбоорун кайра карап чыгууну депутаттарга тапшыруу өтүнүчү камтылган.

Апрелде Мамдума “саясий ишмердүүлүк” деген түшүнүктү чечмелеген "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" мыйзамдын Юстиция министрлиги тарабынан сунушталган түзөтүүлөрүн биринчи окууда эле талкуулабастан кабыл алган эле.

Аталган мыйзам долбоорун кабыл алууга президенттик Адам укуктары боюнча кеңеш да каршы чыккан.

XS
SM
MD
LG