Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:10

Көркөм өнөр музейинде 114 экспонат жоголгон


Бул 2014-жылдын каржылык отчету боюнча Эсеп палатасы жүргүзгөн текшерүүдө аныкталган. Эсеп палатасынын басма сөз кызматынын маалымдашынча, текшерүү учурунда музейдин документтеринде көрсөтүлгөн экспонаттардын ичинен 114 предмет жетпей калган. Ошондой эле 47 экспонат эки жолу жазылып калган.

Эсеп палатасынын маалыматына караганда, текшерүү учурунда музей жетекчилиги учурда документте көрсөтүлгөнү менен музейдин өзүндө жок экспонаттарды каттоо, мындан тышкары 1967-68-жылдардан бери музейде жок экспонаттарды эсептен чыгаруу иштери жүрүп жатканын билдиришкен.

Эсеп палатасынын маалыматы боюнча Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт-өнөр музейи комментарий бере элек. Музейдин тиешелүү жетекчилиги менен байланышууга мүмкүнчүлүк болбоду. (ZKo)

XS
SM
MD
LG