Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:13

Багдад: жардыруу курмандыктары элүүдөн ашты


Жарылуудан кийинки көрүнүш. Багдад, 11-май, 2016-жыл.
Жарылуудан кийинки көрүнүш. Багдад, 11-май, 2016-жыл.

Ирактын баш калаасы Багдад шаарындагы ачык базарда бүгүн унаа жардырылып, 52 адамдын өмүрү кыйылды. Дагы 65 киши жарат алды, айрымдарынын абалы оор. Бир канча имараттарга жана машинелерге зыян тийди. Жардырууга жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу өзүнө алды. Бул окуя Багдаддагы эң үрөй учурган теракт деп сыпатталууда. Маалыматтарга караганда, Садр районунда жанкечти жардыргыч зат жүктөлгөн унаа менен базарга чабуул койгон.

Reuters агенттиги Ирак полициясына таянып, курмандыктар саны дагы өсүшү ыктымалдыгын билдирди. Экстремисттик топтун он-лайн билдирүүсүндө суннитер шиит кошундарын бутага алганы белгиленет.

XS
SM
MD
LG