Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:43

АКШ менен Грузиянын бирдиктүү аскерий машыгуулары башталды


Грузия
Грузия

АКШ жана Грузия 11-майдан тарта биргелешкен аскерий машыгууларды баштады. Пратикалык көнүгүүлөр 26-майга чейин уланат. Тбилиси бул машыгууларга жалпысынан 1300 аскер катышып жатканын, анын жарымы АКШнын, жарымы Грузиянын жоокерлери экенин айтты. Андан тышкары, британиялык аскерлер да бар.

Машыгуунун максаты - Грузиянын куралдуу күчтөрүнүн НАТО курамында татыктуу орунга ээ болушун камсыздоо. Американын оор техникалары Кара Деңиздеги Поти портуна 5-майда келген.

Москва мындай машыгуулар, Кавказ аймагындагы стабилдүүлүккө доо кетириши ыктымал деп сындаган эле.

Орусия менен Грузия ортосунда 2008-жылы кыска мөөнөттүү согуш болгон. Андан бери Орусия бийлиги өзүн Грузияга көз каранды эмес деп жарыялаган Түштүк Осетия жана Абхазия аймактарын колдойт.

XS
SM
MD
LG