Жогорку Кеңеш бүгүн “Бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдар тууралуу” мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карайт. Чет жактан каржыланган бейөкмөт уюмдарды “агент” деп атап, көзөмөлдү күчөтүүнү караган долбоорду буга чейинки чакырылыштын депутаттары иштеп чыккан.
Эреже боюнча мыйзам парламентте үч окууда кабыл алынгандан кийин президенттин кароосуна жөнөтүлөт. Буга чейин парламент мыйзам долбоорду экинчи окууда жактырган. Мыйзамдын өтө тездик менен каралып жатканына нааразы болгон жарандык коом өкүлдөрү шаршембиде тынч митинг өткөрдү. Алар бул мыйзам долбоор өлкөдө сөз эркиндигине жана жарандык коомдун активдүүлүгүнө бөгөт болорун айтышып, парламент депутаттарын бул мыйзамды колдобоого чакырышты.
Мыйзамдын тарапкерлери болсо, киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдөн чочулоого негиз жоктугун белгилеп келишет.(BkA)