Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:08

“Балыкчы-Корумду” жол чыры парламентте талкууланат


Жол курулушу.
Жол курулушу.

Бүгүн парламенттин жыйынында Балыкчы – Тамчы – Чолпон-Ата – Корумду жолун оңдоону текшерүү боюнча депутаттык комиссиянын жыйынтыгы каралат. Бул тууралуу парламенттин расмий сайты кабарлады. Жыйынга мурунку премьер-министр Темир Сариевдин катышары күтүлүүдө.

Аталган комиссиянын корутундусу буга чейин парламент жыйынында каралган. Анда айрым депутаттар экс-премьер Темир Сариевди чакырууну сунушташкан.

Жогорку Кеңеште Балыкчы-Корумду жолун оңдоо боюнча тендердин мыйзамдуулугун текшерүү боюнча комиссия түзүлгөн. Аталган комиссия мүчөлөрү тендерди өткөрүүдө мыйзам бузуулар менен өткөнүн билдирүүдө. Бирок өкмөт жана тендердик комиссия мындай дооматтарды четке кагып келет. Бул окуядан соң Темир Сариев өз арызы менен кызматтан кеткен болчу.(BkA)

XS
SM
MD
LG