Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:24

Момбеков: “Мегакомду” Максимдер илип кеткени жатат


Максим Бакиев
Максим Бакиев

Социал-демократтар фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков парламентте сүйлөгөн сөзүндө бир кездерде Максим Бакиев түптөгөн MGN ишканасында, андан кийин ЦАРИИде иштеген адамдар азыр Кыргызстандын ар кайсы мамлекеттик кызматтарында отурганын айтты. Анын сөзү боюнча булардын артында Максим Бакиевдин өзү турат:

- MGN ишканасынын вице-президенти Мүлк фондунда башкармалыктын башчысы. Дагы бир вице-президенти Каржы министрлигинин алдындагы коомдук кеңештин төрагасы. Убагында булардын баары “Кыргызтелеком”, “Кыргызнефтегаз”, “Манас” аэропортуна жана башка жактарга кирип алып, бүт талкалашкан. Мына кечээ “Мегаком” сатылбай калды. Эмнеге сатылган жок? Бул жерде да Максимдин балдары иштешти. Алар “Мегакомдун” баасын түшүрүп, анан илип кеткени жатышат. Биз неге Англиядан Максимди бер деп атабыз? Ал жакында өзү келет.

“Мегаком” компаниясы 2010-жылы улутташтырылган. Жакында кайра менчикке чыгаруу максатында аукционго коюлган. Баштапкы баасы 19 млрд сомго бааланган ишкананы сатып алууну каалоочулар болгон эмес. 11-майдагы аукцион мына ушул себептен болбой калган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG