Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:07

Түлеев актыгын далилдөө үчүн дагы соттошот


Нариман Түлеев абактан өткөн ишембиде чыккан
Нариман Түлеев абактан өткөн ишембиде чыккан

Бул тууралуу Нариман Түлеев 11-майда Бишкектеги маалымат жыйынында билдирди:

- Мен өзүмдүн актыгымды далилдөө үчүн дагы соттошом. Эгер мен Кытайда соттолгон болсом, акталмакмын. Анткени Кытайдын коопсуздук кызматы менин ак экендигимди далилдеди. Азыр бардык документтерди биз англис тилинде даярдап жатабыз.

Түлеевдин сөзү боюнча, ал мамлекетке 61 млн сом төлөгөн. Сот актаган күндө да төлөгөн акчасын кайра мамлекеттен кайтарып албайт. Ал акча мугалимдерге жана башка бюджет кызматкерлерине берилсин деди Түлеев.

Нариман Түлеев Бишкек шаарына Кытайдан автобустарды сатып алууда акча жеген деген айып менен 2012-жылы камалган. Ал абактан өткөн ишемби күнү бошогон. (ZKo)

XS
SM
MD
LG