Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:19

Түлеев Нарымбаевдин акча талап кылганын айтты


Нариман Түлеев
Нариман Түлеев

Нариман Түлеев маалымат жыйында президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев андан акча талап кылганын ырастады:

- Баарыңыздар жакшы билесиздер, президенттик аппарат жетекчисине кайрылуу үчүн 1-2 ай убакыт керек. Менин кызымды болсо эки саатта кабыл алды. Нарымбаев акчаны алып жаткан жеринен кармалбаганына сүйүнсүн. Эки сааттан кийин менин кызым Нарымбаевге акча бермек. Мунун баарын тасмага алып жаткан операцияны Коркмазов бузду, ал кармалганда эле акча меники эмес, Нарымбаевдики деп айтып салды.

Нариман Түлеев Нарымбаевдин үч жылга соттолгону мыйзамсыз деп билдирди.

Түлеев 2013-жылы июлда 11 жылга эркинен ажыратылган. Ага Бишкектин мэри кезинде Кытайдан автобустарды сатып алууда мамлекетке 33 миллион сомго жакын зыян келтирген деп айып тагылган. Мындан тышкары таштанды ташуучу унаа сатып алууда мыйзам бузган жана шаардагы бала бакчалардын бирин мыйзамсыз сатып жиберген деп айыпталган болчу.

Түлеевдин сот ишине байланыштуу Жогорку Кеңештин экс-депутаты Хажимурат Коркмазов менен президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев азыр камакта отурушат. 2015-жылдын 15-июлунда Коркмазов абактагы Нариман Түлеевдин мүлктөрүн Жогорку сот аркылуу камактан чыгартууга ортомчу болуп, Түлеевдин жакындарынан 200 миң доллар пара талап кылып, анын 100 миңин алып жаткан жерден кармалганы кабарланган. Кийин ал бул параны Нарымбаев талап кылганын айтып чыккан. Жемкорлукка шектелген президенттин мурдагы аппарат жетекчиси Нарымбаев 22-июлда УКМКнын тергөө абагына камалган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG