Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:42

Скрипкина: Жаңы мыйзам 73 уюмга гана тиешелүү


Галина Скрипкина
Галина Скрипкина

Бул тууралуу парламентте “Бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдар тууралуу” мыйзам долбоорун талкулоо учурунда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана соттук-укуктук маселелер комитетинин төрайымы Галина Скрипкина билдирди. Анын айтуусунда, мыйзам долбоору бардык коммерциялык эмес уюмдарга тиешеси жок.

Бирок кайсы коммерциялык уюмдар экенин Галина Скрипкина атай алган жок.

Депутат Чолпон Жакупова Скрипкинанын айтканы туура эместигин жана өлкөдө бардык коммерциялык эмес уюмдарга тиешеси болорун билдирди.

Жогорку Кеңеште талкууланып жаткан “Бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдар тууралуу” мыйзамынын үч беренесине өзгөрүү киргизүү каралган. Анда коммерциялык эмес уюмдун ишинин ачыктыгын камсыз кылуу үчүн финансылык булактарын жана отчетун жыл сайын ачык жарыялоону милдеттендирүү сунушталган.(BkA)

XS
SM
MD
LG