Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:03

Жалал-Абад: Наристе сабалган балдар бакчасына чара көрүлөт


Жалал-Абаддагы бала бакча.
Жалал-Абаддагы бала бакча.

Шаардагы №8 "Теремок" балдар бакчасында наристенин сабалышы боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүп, жыйынтыгында чара көрүлөт. Бул тууралуу шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Рысбек Калчаев билдирди.

Балдар бакчасында тарбияланган 3 жаштагы наристенин апасы Тамара Маматова уулун тарбиячылар сабап, денелери көк ала болгондугун айтып арыз жазган. Азыр текшерүү иштери жүрүп жатканын, анын жыйынтыгына жараша тарбиячыларга карата катаал чаралар көрүлөрүн Калчаев маалымдады.

Наристеси сабалган ата-эне буга чейин дагы баласы 3 ирет денесине жеңил жарат алганын жана бала бакча жетекчилигине кайрылганын, бирок натыйжа чыкпаганын билдирген. Дарыгерлер жабырланган бала денесинен жеңил жарат алган деген тыянакка келишти. Жалал-Абад шаарында 28 бала бакча иштеп, анда 4 минден ашуун наристе тарбияланат. (RsK)

XS
SM
MD
LG