Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:30

CASA-1000 долбоору башталды


Жаңы долбоорду ишке киргизүү салтанаты. Тажикстан, Турсунзаде, 12.05.2016.
Жаңы долбоорду ишке киргизүү салтанаты. Тажикстан, Турсунзаде, 12.05.2016.

Бүгүн Тажикстанда аймактык энергетикалык CASA-1000 долбоору расмий ачылды. Салтанатка Тажикстан президенти Эмомали Рахмон, Кыргызстандын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, Ооганстандын башкы аткаруучусу Абдулла Абдулла жана Пакистан премьери Наваз Шариф катышты.

«CASA 1000» жогорудагы төрт өлкөнү бириктирип, жогорку чыңалуудагы электр өткөрүү линиялары аркылуу электр энергиясын берүүгө багытталган.

- Бул жогорку чыңалуудагы линия аркылуу Түштүк Азия өлкөлөрү жылыга Тажикстан менен Кыргызстандан 5 млрд кВт/саатка чейин экологиялык таза электр энергиясын ала алышат, - деди Рахмон.

Биринчи этапта Датка-Кожент жогорку чыңалуудагы электр линиясы курулуп, кийин Тажикстандан Ооганстанга, андан пакистандык Пешаварга чейин линия тартылары күтүлүүдө.

CASA-1000 жалпы узундугу 1222 км. Наркы 1,17 млрд долларга бааланган.

XS
SM
MD
LG