АКШ эгер европалык банктар Иран менен кызматташкысы келсе тоскоолдук кылбайт. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Жон Керри бүгүн Лондондо банк жетекчилери менен жолугушуу учурунда билдирди.
Эми Иранда эсеп ачып, коммерциялык иштерди жүргүзгөн банктар айыпка жыгылбасын Керри белгиледи.
Расмий Тегеран менен өзөктүк программа боюнча мунаса жетишилгенден кийин Ирандан АКШ, БУУ жана Евробиримдиктин санкциялары алынган. Бирок, АКШнын айрым санкциялары сакталып калган.
Ошол эле учурда Ирандан АКШнын айрым санкциялары алына элек. Ушундан улам Керри Иран революциялык гвардиясы менен байланыштуу юридикалык жана жеке тараптар менен кызматташуудан качууга чакырды.