Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:02

Абанын булганышынан 7 миллион адам жашоодон эрте кетүүдө


Индия.
Индия.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жылына 7 миллион адам булганч абанын айынан мерт болуп жатканын билдирди.

Абадагы чаңдын майда бөлүкчөлөрү акырындык менен өпкө рагына, инсульт жана жүрөк ооруларына алып келиши ыктымал.

Уюм 103 өлкөдөгү үч миңден ашуун шаардын абасын изилдеген. Натыйжада акыркы эки жылда шаарлардын абасындагы кир 8% көбөйгөн.

Абал Кытай, Иран, Индияда начар экени белгиленет. Эң булганч деп Ирандын Заболь шаары аталды. Кийинки орундарга индиялык Гвалиор, Аллахабад, Патна жана Райпур шаарлары илинген.

XS
SM
MD
LG