Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:16

Тажикстан: аялынын актыгынан шектенген жигит айыпка жыгылды


Тажикстандагы үйлөнүү той
Тажикстандагы үйлөнүү той

Тажикстанда сот аялынын пакизалыгынан шектенген жигитти 600 сомони (76 долларга жакын) акчалай айыпка жыкты.

Муминабад районунун 21 жаштагы Мадина Хаким аттуу тургуну өзүнө кара санаган күйөөсүн сотко берген. Ал медициналык экспертизадан өткөн соң моралдык компенсация катары 10 миң сомони (1270 доллар) талап кылган. Сот төлөмөр жигиттин абалына карап, 600 сомони жазана чегерди.

Расмий маалымат боюнча, 2015-жылы республикалык соттук медициналык экспертиза борборуна Душанбе жана анын айланасынан 600 адам кайрылышкан.

Алар кыздык актыгын далилдеп берүүнү өтүнүшкөн. Демейде түрдүү имиштердин алдын алуу үчүн мындай өтүнүч менен кызын узаткан үй-бүлөлөр кайрылышат.

XS
SM
MD
LG