Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:41

Жээнбеков Ооганстандын премьер-министри Абдулла менен жолугушту


Жаңы долбоорду ачуу салтанаты.
Жаңы долбоорду ачуу салтанаты.

Кыргыз өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбековдун Тажикстанга жасаган иш сапарында Ооганстандын премьер-министри Абдулла Абдулла менен жолугушту. Анда кыргыз-ооган кызматташтыгынын маанилүү маселелери талкууланды. «CASA-1000» долбоорун жана транспорт байланыш тармагындагы башка долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгү белгиленди.

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан эки тараптуу соода-экономикалык кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин, ошондой эле аймактагы тынчтыкты жана коопсуздукту сактоодогу Ооганстандын ролун баса белгиледи. Ал ошондой эле Ооган өкмөтүнө Ооганстанда жашап жаткан кыргыздарга көрсөтүп жаткан колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Кыргыз өкмөт башчысы Ооганстандын премьери Абдулла Абдулланы Кыргызстанда сентябрь айында өтүүчү Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна чакырды.

Бул тууралуу кыргыз өкмөт башчысынын басма сөз кызматы кабарлады.(ZKo)

XS
SM
MD
LG