Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:56

“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү” мыйзам долбоору өтпөй калды


Жогорку Кеңеш
Жогорку Кеңеш

Жогорку Кеңеш “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү” мыйзам долбоорду кабыл алган жок. Бул мыйзам долбоорго парламент жыйынында отурган 111 депутаттын 65и каршы добуш беришти.

Мыйзам долбоорду талкуулоо учурунда көпчүлүк депутаттар ал коммерциялык уюмдарды чектөөгө алып келерин жана өлкөнүн демократиялык имиджине шек келтирерин айтышкан эле. Буга чейин мыйзам долбоорун депутаттар эки окууда жактырганы менен үчүнчү окууда колдошкон жок.

Чет жактан каржыланган “Коммерциялык эмес уюмдарды” “агент” деп атап, көзөмөлдү күчөтүүнү караган долбоорду буга чейинки чакырылыштын депутаттары Турсунбай Бакир уулу, Нуркамил Мадаминов жана Надира Нарматова иштеп чыккан.

Буга чейин жарандык коом жана эл аралык уюмдар бул мыйзамды кабыл албоого чакырып, бийликтерге бир нече жолу кайрылган.

Мыйзам долбоордун талкуулоо учурунда "агент" сөзү алынып салынган. Мыйзам долбоордун акыркы редакциясында “Коммерциялык эмес уюмдун” финансылык-чарбалык иши жөнүндө жылдык отчётун ачык жарыялоону милденттендирүү каралган. (BkA)

XS
SM
MD
LG