Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:12

Москвадагы кыргыздар: депортация болгон мигранттар көбөйүүдө


Полиция бөлүмүндө турган кыргыздар
Полиция бөлүмүндө турган кыргыздар

Москвада иштеп жүргөн кыргыз жигити Мелис Маматжановдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, мигранттар жашаган үйлөргө түн ичинде же таң атарда полиция келип, кармап кетүүдө:

- Бизди бүгүн таңкы саат жетилер чамасында басты. Баарыбыздын документтерибизди текшерип, полиция бөлүмүнө алып келишти. Эми депортация болосуңар деп атышат. Бизге жашап жаткан үйгө катталган эмессиңер деп айып тагып атышат.

Маматжановдун айтымында, "жашаган үйдө катталган эмес” деген айып менен кыргыздарды депортация кылган учурлар көбөйүүдө.

Орусиядагы кыргыз элчилигинин юристи Мырзапаяз Карагуловдун маалымдашынча, кыргызстандык мигранттар өз укуктарын билбегендиктин курмандыгы болууда. Ал мигрант жашаган үйүнө каттоого тура албаса, иштеген жерине катталышы керектигин билдирди.

Расмий маалыматтар боюнча, бүгүнкү күнү Орусияда 500 миңден ашуун кыргызстандык иштейт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG