Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:36

Кызматташынын өлүмүнө айыпталган жоокер аскер абагына камалды


Улуттук гвардиянын Кара-Көл шаарындагы 718-бөлүгүндөгү кызмат өтөгөн жоокердин өлүмү боюнча айыпталып жаткан экинчи жоокер Адилет С. аскер абагына камалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук аскер прокуратурасынан “Азаттыкка” маалымдашты.

4-майдын кечинде Кара-Көлдөгү аскер бөлүктөн эки жоокер мушташып, бейтапканага түшкөн. Мушташка катышкан жоокердин бири көз жумган эле.

Каза болгон жоокер 19 жаштагы Алай районунун тургуну экени жана былтыр күздөн бери милдетин өтөп жүргөнү айтылууда. Ал эми анын өлүмүнө тиешеси бар делген экинчи жоокер 20 жаштагы Адилетке карата кылмыш иши козголгон.

11-майда президенттин буйругу менен Улуттук гвардиянын колбашчысы Мелис Сатыбалдиев кызматынан бошотулду.(ZKo)

XS
SM
MD
LG