Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:45

Бекболот Талгарбеков кармалганы кабарланууда


Элдик парламенттин лидерлери.
Элдик парламенттин лидерлери.

“Элдик парламент” уюмунун лидерин аз убакыт мурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин адамдарыбыз деген бир нече киши үйүнөн кармап кеткен. Бул тууралуу уюмдун саясий кеңешинин мүчөсү Токтобай Мүлкүбатов "Азаттыкка" билдирди.

Анын айтуусунда, Талгарбековду жарым сааттай мурун Бишкектин 8-кичи районундагы үйүнөн "коопсуздук кызматынанбыз" деген адамдар кармап кетишкен. Мүлкүбатов Талгарбеков менен чогуу уюмдун лидери Төрөбай Кулубаев да кармалганын кошумчалады.

УКМК бул маалыматты жокко чыгарууда. Басма сөз катчысы Рахат Сулайманов эч кимди кармоо болбогонун “Азаттыкка” билдирди.

Ошондой эле уюмдун дагы бир мүчөсү Бишкек шаар сотунун мурдагы төрагасы Марат Султанов да кармалганы айтылып жатат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG