Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:17

Талгарбековдун үйүндө тинтүү жүргүзүлүүдө


Бекболот Талгарбеков (ортодо) маалымат жыйыны учурунда.
Бекболот Талгарбеков (ортодо) маалымат жыйыны учурунда.

Тинтүүнү “УКМКнын тергөөчүлөрүбүз” деген беш киши жүргүзүп жатканын “Азаттыкка” эркин журналист Аскер Сакыбаева билдирди:

- Мен азыр Талгарбековдун үйүнүн жанында турам. Эч кимди жолотпой атышат. Ичинде Талгарбековдун аялы менен балдары бар экен. Бекболот Талгарбековду, Марат Султановду УКМКга алып кетишкени анык.

УКМКнын басма сөз кызматы тинтүү мыйзамдуу, козголгон кылмыш ишинин негизинде жүргүзүлүп жатканын “Азаттыкка” билдиришти.

Бекболот Талгарбеков “Элдик парламент” уюмунун лидери. Аталган уюм бүгүн жыйын уюштуруп, президент Алмазбек Атамбаевди 17-майга чейин кызматынан кетүүсүн талап кылган. Ошондой эле аларды орус бийлиги колдойт деп билдиришкен. (ZKo)

XS
SM
MD
LG