Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:06

Интернетте "оппозициянын сүйлөшүүсү" деген аудио тарады


Интернетте “Элдик парламент” уюмунун лидерлери Төрөбай Кулубаев, Бекболот Талгарбеков жана Марат Султанов катышкан телефондук сүйлөшүү деген аудиотасма тарады. Кулубаевдин сүйлөшүүсү деген жазуу менен коштолгон тасмада “мен аларды атам, машинасын өрттөйм, башка вариант жок, өлтүрөм” деген сөздөр айтылат.

Ал эми Марат Султанов “Орусиядан келе тургандар келди. Баары жайында” деп айтууда.

Бекболот Талгарбековдун сүйлөшүүсү деген тасмада “Президент 17синде отставкага кетет. Биздин киши премьер-министр болот” деген сөздөр бар.

Бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдиргенине карагaнда, аталган уюмдун айрым мүчөлөрүнө карата кылмыш иш козголду. Алар бийликти күч менен басып алууга жана бийлик өкүлүнө карата күч колдонууга даярдык көргөн деп шектелүүдө.

Учурда Бекболот Талгарбековдун үйүндө УКМК кызматкерлери тинтүү жүргүзүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG