Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:59

Иран быйыл Сауд Арабияга зыяратчыларын жөнөтпөйт


Буга Ирандын маданият министри Али Жаннати тиешелүү шарттар түзүлбөгөндүгү себеп болгонун айтты.

Өткөн жылдын сентябрында Мекедеги зыярат учурунда түртүшүүдөн 2426 адам өлгөн. Тегеран анын 464ү ирандыктар экенин бышыктап, Сауд Аравиясын шалаакылыкка айыптап келет.

Али Жаннати Тегеран менен Эр-Рияд бир нече ай бою коопсуздук маселесин чечүүгө далалат кылганы менен майнап чыкпаганын айтты. “Биз колубуздан келгенди жасадык. Ишти саудиялыктар ойрон кылышты”, деди ирандык министр мамлекеттик IRNA агенттигине.

Иран-Сауд Аравия ортосундагы абал акыркы айларда, өзгөчө январда ирандык дипломаттар Сауд Аравиясынын Тегерандагы элчилигин талкалап, өрттөгөндөн кийин курчуган. Демонстранттардын от алышына Сауд Аравиясында шиит диниятчылары өлүм жазасына тартылышы себеп болгон.

Натыйжада Эр-Рияд Тегеран менен дипломатиялык мамилесин үзгөн.

XS
SM
MD
LG